• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин Күзөт кызматында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 96 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 31.10.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунда 1-ноябрь кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүн 96 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жыл сайын 1-ноябрь күнү кыргыз милициясы өзүнүн негизделген күнүн белгилейт.

Бул мааракелүү күнгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын түзүмдүк бөлүктөрүндө салтанаттуу иш-чаралар болуп, биринчи жана кезектеги атайын наамдар ыйгарылып, медаль, ардак грамоталар тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Талантбек Исаев “Милиция кызматкери ар дайым мамлекеттин тынчтыгын, коомдук коопсуздугун, жарандардын бакубат жана тынчтыкта жашоосунун кепилдиги болуп келет. Бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктап, сиздерге жана сиздин үй-бүлөңүздөргө бекем ден-соолук, ачык асман каалаймын”, – деп өз сөзүндө белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий