• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттик шайлоого катышуу үчүн төрт адам БШКга арыз берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 31.10.20. /Кабар/. Төрт адам мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди.

Боршайкомдон билдиришкендей, 31-октябрда КР жараны Нышанов Назарбек Айтбекович президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн, 1961-жылы 20-мартта туулган, «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти.

Ошондой эле 31-октябрда «Аурдин» компаниясынын директору, 1968-жылы 28-апрелде туулган Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич да президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөтүп, БШКга арыз берген.

Андан тышкары, БШКга «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси, 1981-жылы 29-сентябрда туулган Чороев Кубан Аманбекович президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн.

Эске сала кетсек, 30-октябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, 1965-жылы 9-мартта туулган Адахан Мадумаров да президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий