• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоо: 1200дөн ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.07.21. /Кабар/. Бүгүн 11-июлда өтө турчу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын ИИББнын жетекчилигинин катышуусунда шаардык милициянын өздүк курамынын саптык кароосу болуп өттү.

Бишкек шаардык милицисынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаардагы коомдук тартипти жана жарандардын коомдук коопсуздугун камсыз кылууга 1200дөн ашык борбордук милиция кызматкерлери тартылган.

"Бишкек шаарынын ИИББы жарандарды шайлоо участкаларында добуш берүү учурунда коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн бири-биринен аралыкты кармап, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий