• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, 8 адам ооруканага жеткирилди

Кырсык 0


Бишкек, 10.07.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Москва районунун Садовая айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, анда Mercedes-Benz Vito үлгүсүндөгү жеңил унаасы менен жол оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан техника сүзүшкөн. Жол кырсыгынан 8 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Каза болгондор жок. Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 куткаруучусу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий