• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кароосуз калган кафенин имараты толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Бишкектеги Байтик-Баатыр менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кароосуз калган кафенин имаратынан өрт чыкты.

ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жерине 2 бөлүм тартылып, саат 08:27де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен кароосуз калган 50 чарчы метр кафе толугу менен күйгөн.

Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий