• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги Эне-Сай конушу жарыктандырылды

Коом 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Бишкектеги Эне-Сай конушу жарыктандырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган конушта кубаттуулугу 50 Вт жана 100 Вт болгон 78 светодиоддук чырак, 78 кронштейн орнотулду.

Ошондой эле жарыктандыруучулар бийиктиги 9 метр болгон 21 темир-бетон мамыларды орнотту.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин улантат.

Пикир

Оставить комментарий