• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМ: Ташкент шаарында шайлоо участогу өз ишин баштады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-ноябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоонун алкагында добуш берүү үчүн Ташкент шаары, Ниёзбек йули 30 көч. 6-өтмөк дареги боюнча КРнын Өзбекстандагы элчилигинде уюштурулган № 9025 шайлоо участогу өз ишин баштады. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

КР мыйзамдарына ылайык, шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00гө чейин иштейт.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дө өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды.

Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Пикир

Оставить комментарий