• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКга шайлоо. Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 4,31%ы добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.05.23. /Кабар/. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча саат 12:00гө карата добуш берүүгө келген адамдардын саны 5 миң 389ду, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 4,31%ды түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзөт.

Шайлоо участоктордун дарегин төмөнкүдөй билүүгө болот:

- 1255 же 119 телефондору аркылуу;

- 119 номерине PIN - паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү менен (акысыз);

- https://tizme.gov.kg/ сайтынан

Пикир

Оставить комментарий