• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абдил Сегизбаев: "Элимди башкарган эмес, баккан президент болом"

Шайлоо 2023 0


Элим менен сыймыктанам

Элибиз жашоонун ысык-суугуна, кыйынчылыктарына, нечендеген сыноолоруна чыдады. 2020-жылдын июль айында дүйнө жүзүн каптаган аты жаман илдет бизге да келди. Миңдеген жарандарыбыздан ажырадык. Жакындарынан жаңы эле айрылып, кабыргалары кайышып турса дагы, акыркы дары-дармектерин, кычкылтек аппараттарын ташып, ошол эле учурда кыйналып турган башка чоочун адамдарга бергендерин мен өз көзүм менен көрдүм. Мен ошондо, элимдин күчүн, намыскөйлүгүн, адамдык жогорку касиетин көрүп, дух алдым. Элибизден айланса болот. Мен, кыргыз элим менен, мамлекетим менен сыймыктанам!

Биздин идеология - бул бизди даңазалай турган баалуулуктар

Биздин салттарыбыз, тилибиз, динибиз, дилибиз. Биздин идеология - бул биздин келечегибиз. Күчтүү, заманбап, туруктуу өлкө. Ар бир кыргызстандык татыктуу тарбия, таалим, билим алууга, мыкты медициналык кызмат көрүүгө ээ болуушу шарт. Ар бир кыргызстандык жаран өз мүмкүнчүлүгүн, өзүнүн бизнесин, өзүнүн ишин өнүктүрүүгө, коомдук турмушка жигердүү катышып, мамлекетти башкарууга, шайлоого катышууга, шайланууга бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болуушу керек. Элге өз кыялдарын ишке ашырууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек. Элибиз өз өлкөсүн ардактап, кайда жүрүшпөсүн мен кыргызстандыкмын деп сыймыктануу менен “Кыргызстан күчтүү өлкө, мен мекениме кызмат өтөп, эмгек кылууга даярмын, өлкөм дагы менин жашоомдогу кыялдарымды орундатууга даяр”- деген ишеним ар бир кыргызстандык жарандын жүрөгүндө болушу керек. Анткени аларга туруктуу жана өнүгүүгө багыт алган өлкө керек!

Мугалимдер, дарыгерлер, маданият жана илим кызматкерлери, мекен коргоочулары - улуттук жүзү жана сыймыгы!

Биз, улуттун жүзүн алып жүргөн кесип ээлерине бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Союз учурундагы эң ардактуу кесиптер бул дарыгерлер, мугалимдер, маданият тармагындагылар, илимий кызматкерлер жана мекенибизди сырткы жоодон коргогон күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Алар мамлекет үчүн, эл үчүн кандай гана кыйын шарттар болбосун, баштарын бийик көтөрүп кызматтарын өтөп келишет. Бул кесиптердин ээлери - улуттун жүзү дагы, сыймыгы дагы! Андыктан алар үчүн бардык шарттарды түзүп, турак-жай менен камсыздап, айлыктарын жогорулатып, коом ичинде абройлорун көтөрүшүбүз керек. Ошондо гана биз күчтүү мамлекетти негиздеп, келечектүү эл болобуз.

Социалдык көйгөйлөр боюнча...

Турак жай маселеси ардактуу кесип ээлери үчүн маселе болбошу керек. Бюджеттик кызматкерлер, маданий жана илимий кызматкерлерге ыңгайлуу шарттар менен турак-жайлар берилиши керек. Мен УКМКда иштеп жүргөндө желген акчаларды бюджетке кайтарганбыз. Мыйзам боюнча бизге бөлүнгөн каражаттарга үйлөр курулду. Эсимде калганы УКМКнын ардагери 82 жаштагы аксакалыбыз ошондо гана үйлүү болуптур. Аксакалыбыздын үйдүн ачкычын алып жаткандандагы көз жашы дагы деле эсимде.

“Бизден кеткен ар бир жараныбыз менен чогуу суверенитетибиздин бир бөлүгүнөн ажырап жатабыз”

Менин жүрөгүмдү өйүгөн нерсе, сыртка чыкканда ошол жакта иштеген мекендештеримди көрөм, эгерде биздин экономика көтөрүлсө, жумуш орундар түзүлсө, сыртка болгон агым кыскарат, алар өзүбүздө иштешет. Бизден бир мигрант сыртка кетсе, биздин келечегибиздин, суверенитетибиздин бир бөлүгү жоголот. Андыктан алар үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек. Сыртка чыгам дегендер татыктуу билимдерин алып, андан кийн гана кетиши керек, бизде 150 кесиптик техникалык окуу жайлар суроо-талап жок болгондуктан жеткиликтүү деңгээлде иштебей турат. Биз ошол окуу жайлардын мугалимдерине дагы шарттарды түзсөк, алар биздин балдарды кесипке үйрөтүшөт. Мектепти аяктап жаткан окуучу бир кесиптин ээси болуп чыгышы керек.

Пенсиялар жөнүндө...

Пенсионерлерибиз татыктуу карылыкка ээ болуп, алган пенсиялардын көлөмдөрү жогорулашы керек. Эгер, депутаттар азыр 50000-60000 сомдон айлык алышса, пенсионерлер орто эсеп менен 3000 сом алышат. Мен келсем, депутаттардын бардык артыкчылыктарын алып, алардын айлыктарын пенсияга теңейм. Ошондо алар өз жондору менен сезип, кыйын турмушту татышат. Эл бийликке эмес, бийликтегилер элге кызмат кылышы шарт. Элге хан эмес, элди баккан акыйкатты көздөгөн, коопсуздукту камсыздаган, чынчыл, жоопкерчиликтүү президент керек!

Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча...

Пандемия маалында Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагынын алсыздыгын өз көзүбүз менен көрдүк. Ооруканалардын жетишсиздиги, дары-дармек тартыштыгы, керектүү медициналык шаймандардын жоктугу. Даарылоонун заманбап протоколунун бизде иштелбегени. Ушундан улам Кыргызстандын саламттыкты сактоо тармагын толугу менен кайрадан карап чыгуу керектиги аныкталды. Өлкөдөгү дары-дармек менен камсыздоо системасын жакшыртуу, анализдерди жүргүзүү үчүн мамлекеттик медициналык лабараториялардын тармагын кеңейтүү, аймактардагы медицинаны өнүктүрүү, алыскы аймактардын тургундарын медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана медициналык кадрларды даярдоонун сапатын да жакшыртуу шарт.

Акыркы кездеги эл оозундагы Жетим-Тоо кени жөнүндө

Дүйнөдө темир запасы менен экинчи орунда турган Жетим -Тоо тууралуу азыр сөздөр көтөрүлө баштады. “Кытайдын карызынан кутулуу үчүн андагы “чийки товар” –сырье менен карыздар берилет”,- деп азыркы бийлик билдирди. Жетим –Тоонун накталай баасы 100 миллиарддан ашуун долларды түзөт. Биздин коңшуларга болгон карызыбыздын көлөмү 1 миллиард 700 миң миллион доллар. Ошондо 1 миллиард 700 миң долларды кайтарып берүү үчүн 100 миллиард долларга бааланган кенди берип коюу акылга сыябы? Биз карызыбызды 100 эселеп берген болуп жатпайбызбы. Ошондо Жетим-Тоону сатып, аны Кумтөрдун тагдырына кептеп туруп элибизди дагы бир ирет жетим калтырганы жатабызбы?

Материал "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 18-пунктуна ылайык акысыз жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий