• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Мурас” футбол турнири. Финалда “Ден соолук” жана “Спорттук федерациялар" командалары беттешет

Спорт 0

Бишкек, 28.05.23. /Кабар/. “Мурас” футбол боюнча достук турниринин финалында саламаттык сактоонун өкүлдөрүнүн "Ден соолук" жана өлкөнүн спорт федерацияларынын "Спорттук федерациялар" командалары беттешет.

Алсак “Ден соолук” командасы жарым финалда "Президенттин командасы" менен кез келди. Эки таймдын соңунда эсеп 1:1 болуп, пенальтилер сериясы жарыяланды. Пенальтилердин жыйынтыгында 4:1 эсеби менен “Ден соолук” командасы алдыга оозуп чыкты.

Өз кезегинде, “Спорттук федерациялар” командасы укук коргоо органдарынын “Коопсуздук” командасын 5:0 эсебинде утуп алды.

Белгилей кетсек, турнирде 3-орун үчүн "Президенттин командасы" менен "Коопсуздук" командасы беттешет.

Эскерте кетсек, Бишкекте 27-28-май күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий