• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловдун өмүр баяны

Кадр саясаты 0

Бишкек, 31.10.20. /Кабар/. Күн мурун, 30-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Анаркулов Нургазы Сеитказыевич президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

1979-жылы 17-июнда туулган.

Жогорку билимдүү, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

1996-1997-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинде кабарчы болуп иштеген.

1997-1998-жылдары — «Кыргыз Руху» гезитинде кабарчы.

1998-2002-жылдары «Аалам» гезитинде алгач кабарчы, кийин саясат бөлүмүнүн башчысы, анан башкы редактордун орун басары болуп эмгектенген.

2002-2004-жылдары — «Правда Кыргызстана» гезитинин башкы редактору.

2004-2007-жылдары — «Жаңы Ордо» гезитинин башкы редакторунун орун басары.

2007-2009-жылдары — «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин саясат жана маалымат бөлүмүнүн башчысы.

2009-2010-жылдары — «Народная газета» гезитинин башкы редактору;

2010-жылдын октябрынан тартып 2020-жылга чейин «Майдан.kg» гезитинин башкы редактору болуп иштеген.

2020-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Пикир

Оставить комментарий