• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов жамаатка тааныштырылды (фото)

Кадр саясаты 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Бишкек мэринин жаңы милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бактыбек Кудайбергеновду дайындоо тууралуу буйрукка КР премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.

Эскерте кетсек, кечээ Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалган. Бирок ал былтыр боюнда бар аялды элдин көзүнчө урганы үчүн коомчулукта анын талапкерлигине терс көз караштар пайда болуп, социалдык тармактардагы активдүү талкуулардан кийин премьер-министр өзүнүн дайындоосун жокко чыгарды.

Пикир

Оставить комментарий