• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кудрет Тайчабаров “Бишкек” ЭЭАнын жетекчилигинен кетүү арызын жазды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Кудрет Тайчабаров “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директорлугунан өз каалоосу менен кетүү арызын жазды. Маалыматты "Кабар" агенттигине өзү тастыктады.

"Бирок тиешелүү буйрук чыга элек. Учурда жумуш ордумдамын жана чечимди күтүп жатам", - деди ал.

Тайчабаров кызматтан кетүүсүнө ден соолугу себеп болгондугун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кудрет Тайчабаров аталган кызматка 2022-жылдын 14-ноябрында дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий