• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамкызматкерлердин премиясы мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө жумшалууда — Орунбеков

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Президенттин аминистрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекеттик кызматкерлерге сыйакы (премия) берүүнү токтотуп туруу чечимин өкмөт кайсыл себептен улам кабыл алганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин квартал сайын ала турган премиясы өткөн жылдын аягынан баштап убактылуу токтотулган.

“Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекеттик кызматкерлерге берилген премия мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатат. Буга чейин болуп көрбөгөн абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынып, алды Кыргызстанга келди. Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту деп айтсак болот. Эгер өлкө өзүнүн коопсуздугун сактай албаса мамлекеттик кызматкерлерге каралган кварталдык премия, кошумча каражаттар эч нерсеге арзыбай калары анык. Андыктан айрым кесиптештердин “премия кыркылды” деп таарынганы орунсуз”, - деп жазат ал.

Орунбеков мамкызматкерлер үчүн он үчүнчү эмгек акы калтырылганын белгилеп, жыл аягында он үчүнчү эмгек акы менен чогуу премиялар дагы берилерин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий