• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Манас” эпосу комикс түрүндө сунушталды

Коом 0


Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү "Манас" эпосун эми комикс вариантында окууга жана көрүүгө болот. Бүгүн түстүү китепти мамлекеттик Ала-Арча" резиденциясында сунушташты. Катышуучулар жаратылган эмгекке суктанып гана тим болбостон, сатып алууга да мүмкүнчүлүк алышты.

Аталган китепти чыгаруунун демилгечиси “Роза Отунбаеванын демилгелер” эл аралык коомдук фонду.

Китептин түзүүчүсү – эл жазуучусу, КРнын Баатыры, драматург, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бексултан Жакиев.

Китептин мазмунунда айтылгандай, эпос окурмандарга жеңил жана кызыктуу болуусу үчүн, Жакиев эпосту улуу манасчылардын вариантынан кыскартылган мазмундуу текст менен берген. Ал эми текстке сүрөттөрдү сүрөтчү Замир Илипов жараткан.

Кыргыздын баатырдык "Манас" эпосу оозеки чыгармачылыкта көлөмү жагынан эң чоң деп табылган. Өзүнүн көркөм-философиялык сапаты жагынан башка бир да дүйнөлүк эпостордон кем калышпайт. Анда чындык жана төгүн, миф жана реалдуу жашоо айкалышкан; кол салгандар жана көз карандысыздыкка жетүү үчүн жеңишке багытталган адамдардын катаал кагылышуулары жана тынчтык алакалары көрсөтүлгөн.

Мааниси жагынан терең жана окууга оңой комикс окурмандардын кенен чөйрөсүнө арналган.

Нускасы – 1000 даана. Баасы – 1000 сом. Китепти экс-президент Роза Отунбаеванын фондунан сатып алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий