• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

10 айда транспорттук көзөмөлдү күчөтүүдөн өлкө казынасына 49,6 млн сом түшкөн

Коом 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында 2023-жылдын 10 айында өлкө казынасына 49 млн 602 миң сом түшүп, көрсөткүч 2 эсеге жакшырды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 10 айынын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 524 562 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорттук жана лицензиялоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 686 протокол түзүлүп, 41 млн 794 миң сом айып салынган.

Ошондой эле жолго келтирген зыяндын ордун толтуруу жыйымы 4 млн 35 миң 744 сомду түздү. Ал эми бөлүнгүс ири көлөмдү жана оор жүк ташууга атайын уруксат берүүдөн 21 млн 59 миң 610 сом чогулду.

"Ошентип, жалпысынан транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 49 млн 602 миң 084 сом (2022-жылдын 10 айында — 22 682 439 сом) чегерилди", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлдү.

Министрлик транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий