• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

13-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Эртең, 13-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 11...16,

Талас облусунда түнкүсүн 2..7, күндүз 10...15,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20,

Нарын облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17.

Бишкекте түштөн кийин жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 14…16 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий