• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери “Кыргызтесттин” баамдоо тестинен өтүштү

Коом 0

Бишкек, 30.03.18 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери “Кыргызтест” боюнча баамдоо тестинен өтүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 2018-жылдын март айында Бишкек шаарынын мэриясынын Мүлк башкармалыгынын, “Бишкекархитектура” муниципалдык ишканасынын, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын жана Биринчи май, Ленин, Свердлов, Октябрь райондук администрацияларынын кызматкерлери “Кыргызтест” боюнча баамдоо тестирлөөсүн тапшырышты.

Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы №119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу жана “Кыргызтест” боюнча тестирлөөгө даярдык көрүү максатында өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий