• 88.68
  • 95
  • 0.95

Башкы максат — тыгындарды азайтуу. Бишкекте өткөөлдүн курулушу башталды

Коом 0

Бишкек. 04.04.24. /Кабар/. Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин А. Бакаев көчөсү боюнча темир жол линиясынын астынан автотранспорттун өтүшү үчүн өткөөлдүн курулушу башталды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Курулуш иштерине байланыштуу 4-апрелде поезддердин кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Жаңы өтмөк жеңил жана жүк ташуучу автотранспорттун кыймыл жөндөмдүүлүгүн камсыздайт.

Темир жол өткөөлүнүн негизги техникалык мүнөздөмөсү:
- жүрүүчү (проезжая) бөлүгү – 9 метр;
- жөө адамдар өтүүчү бөлүгү- 0,5 метр;
- көпүрөнүн пролеттук курулмасы – 14х3 метр.

Өткөөлдү куруунун башкы максаты — тыгындарды азайтуу жана автомобиль жолдорун жөнгө салуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий