• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда бала бакчанын курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 30.11.23./Кабар/. Бишкектин Мурас-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты 2700 чарчы метрди, ал эми жердин аянты 1,6 гектарды түзөт.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган.

Учурда котлованды казуу жана тосмолорун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий