• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

30-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 30.11.23./Кабар/. Кыргызгидромет борбору 30-ноябрда республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында+5…+10, Ысык-Көл облусунда +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +8…+13, Нарын облусунда +3…+8 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +6…+8 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий