• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 9 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды, аларды өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда бир тилсиз жоо катталган.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болгон. Куткаруучулар Бишкек жана Чүйдө бекилип калган батирлердин эшигин ачып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий