• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын Солнечный аймагындагы суу насосу жаңыланды

Аймак 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Ош шаарынын Солнечный аймагындагы суу насосу жаңыланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин мэр Бакытбек Жетигенов Озгур айылындагы Солнечный дачасынын жашоочулары менен жолукканда, алар айылдагы суу насосунун иштен чыккандыгын, таза сууга муктаждыгын айтышкан.

Шаар башчысы маселени чечүү үчүн "Ош шаар суу канал" ишканасынын адистеринин жардамы менен оңдоону тапшырган.

Бүгүн шаар мэри жаңыланган кубаттуу суу насосу оңдолгондон кийнки абалын көрүп чыкты. Жергиликтүү тургундар суу көйгөйү чечилип, берген убадасын аткаргандыгы үчүн Бакытбек Жетигеновго ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, аталган суу насосу 1970-жылдары орнотулган. Дээрлик курулгандан бери жергиликтүү тургундар өз каражатынын эсебинен ондоп, иштетип келген. Акыркы 10-15 жыл аралыгында суу насосу туруктуу иштебей, суу көйгөйү орчундуу болуп турган.

Жаңы суу насосу Увам каналынан кубаттуулугу 60 м3/саатты түзгөн суу тартып алып, жергиликтүү калкты камсыздайт.

Белгилей кетсек, Озгур айылынын Солнечный дачасында жалпысынан 203 кожолук бар. Аймакта 1175ке жакын жаран жашайт.

Пикир

Оставить комментарий