• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектин Октябрь районунда кароосуз жүргөн жана кайыр сураган 7 бала аныкталды

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунда рейд учурунда кароосуз жүргөн жана кайыр сураган 7 бала аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук акимчилиги, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондук билим берүү борбору, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана МАБнын адистери тарабынан кароосуз калган жашы жете элек өспүрүмдөрдү, ошондой эле кайыр сураган балдарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү.

Мечиттерди текшерүүнүн натыйжасында 7 баланын өздүгү аныкталып, 5 бала ата-энесине өткөрүп берилди.

Белгилей кетсек, муниципалдык администрация тарабынан мындай текшерүүлөр дайыма жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий