• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда кирешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча иштер жигердүү жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жыл башынан бери өндүрүшкө киргизүү максатында жаңы жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдү табуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, быйыл түстүү капуста, брокколи, брюссель капустасы, май зыгыры, дан соргосу, рапс, кулпунай, малина жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү сыяктуу демонстрациялык өсүмдүктөр айдалат.

"Мындай өсүмдүктөрдү пайдалануу, биздин дыйкандарга жана фермерлерге кепилденген жогорку кирешени алууга, өстүрүлгөн айыл чарба продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга, өлкөнүн айыл чарба өндүрүшүн жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аткарылып жаткан иштердин бардыгы биздин айылдык товар өндүрүүчүлөргө жогорку рентабелдүүлүктү камсыз кыла ала турган түшүмдү табуу максаты менен жасалууда.

Министрлик жалпысынан республиканын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн, атап айтканда республиканын бардык региондорунда жогорку маржиналдуу өсүмдүктөрдү өздөштүрүүнүн жана ишке ашыруунун ачык-айкын пландары жана иштеп чыгуулары бар экенин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий