• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандык куткаруучулардын тобу эртең Түркиядан кайтып келишет

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн очогу – Кахраманмараш жана Хатай шаарларындагы издөө-куткаруу иштерин аткарып жатышкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынын тобу Кыргызстанга эртең кайтып келишет.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, алардын биринчи тобу 21-февралда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 02:35да, ал эми экинчи тобу эртең мененки саат 09:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна конушат.

"Кырсык катталган аймакта 24 саат иштеп, түрк элинин кайгысын тең бөлүшүп, аларга жардам берген куткаруучуларыбызды тосуп алуу иш-чарасы уюштурулат. Жалпыга маалымдоо каражаттарына чагылдырууну каалаган медиа өкүлдөрүн аккредитациядан өтүүсүн суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин сурап-билүү телефону: 0778 268 168, 0552 886 966, 0700 779 612.

Пикир

Оставить комментарий