• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кичи ГЭС, күн жана шамал электр станцияларын курууга ниети бар ишканаларга каттоо жөнүндөгү күбөлүктөр тапшырды

Коом 0


Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Кичи ГЭС, күн жана шамал электр станцияларын курууга ниети бар ишканаларга каттоо жөнүндөгү күбөлүктөр тапшырды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-мартта энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстандын жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүүдө жетиштүү потенциалга ээ экендигин жана өзгөчө андагы гидроэнергетикалык ресурстарды эске алуу менен, кичи ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууга ниети бар ишканаларга ЖЭБ субъектилерин каттоо жөнүндөгү күбөлүктөр тапшырды.

43 компанияга жалпы пландалган кубаттуулугу 1059,3 МВт деп (анын ичинде 298 МВт – күн станциясына; 50 МВт – шамал станциясына; 300 МВт – геотермалдык станцияга; 411,3 МВт – кичи ГЭСтерге) эсептелинген ЖЭБ субъектилери боюнча 61 күбөлүк тапшырылды.

Жогоруда аталган ишканалар жаңылануучу энергия булактары субъектилеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий