• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айыптын төлөмдөрү кандай болууда? ИИМдин жообу

Коом 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айып пулдун төлөмдөрү кандай болуп жаткандыгы тууралуу Ички иштер министрлигинен айтып беришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-январынан тартып жол кыймылынын эрежелерин бузуунун төмөнкү жана келтирилген түрлөрү үчүн айып пулдун өлчөмү 3000 сомдон 1000 миң сомго чейин төмөндөтүлдү.

“Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, ыктыярдуу төлөө мөнөөтүнүн аягына чейин, башкача айтканда айыппулга токтом келип түшкөн күндөн тартып 15 күнгө чейин, кыскарган айыппулга 50 пайызга арзандатуу колдонулат. Башкача айтканда, 1000 миң сом айып пул жалпысынан айдоочу 50 пайыздык жеңилдик менен 500 сом төлөйт. Бирок бул айып пулга токтом алынган күндөн тартып 15 күн өтпөй калган шартта каралган. Бузуу үчүн айыппул мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу түрдө төлөнбөгөн учурда туум салуу башталат. Төлөөнүн мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн өз убагында төлөнбөгөн айыппулдун суммасынан бир пайызга барабар өлчөмдө пайыздарда эсептелген акчалай төлөм туум болуп саналат. Туум салуу анын эң жогорку өлчөмүнө жеткенде токтотулат. КР мыйзамдарында каралган тартипте, мажбурлап аткаруу үчүн соттук аткаруучуга жөнөтүлөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий