• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боом капчыгайында таш кулатып түшүрүү улантылууда

Коом 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Боом капчыгайында атайылап таш кулатып түшүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

“Поезддердин жана унаалардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 2017-жылы 29-майдан 2-июнга «Кыргыз темир жолу» УК” мамишканасы тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 122 чакырымында атайылап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бул күндөрү жол кыймылы маал маалы менен жабылып турат. КТЖдан билдиришкендей, 30-40тан ашык унаа топтолгон шартта унаалар өткөрүлүп турат.

Кулатуу иштери күндүзү жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий