• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда орточо эсеп менен бир чарчы километрге 31 адам туура келет - изилдөө

Коом 0

Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. 2018-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 6 млн. 257 адамды түзгөн. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин “Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдардагы Демографиялык жылдык басылмасы” журналында келтирилген.

Документте көргөзүлгөндөй, туруктуу жашаган калктын үчтөн бир бөлүгү (33,9 пайызы) шаар жергесинде, экиден бири (66,1 пайызы) – айылдарда жашаган. Калктын жыштыгы орточо эсеп менен бир чарчы километрге 31 адамды түзгөн.

2017-жылы калтын санынын өсүүсү 1,9% түзгөн. Бул көрсөткүч дүйнөлүк стандарт боюнча абдан жакшы көрсөткүч болуп саналат. Өзгөчө жогорку көрсөткүч Бишкек жана Ош шаарында байкалган – 2,2 жана 2,4%, эң төмөн көрсөткүч Нарын жана Ысык-Көл облустарында 1,3% байкалган.

Өлкөнүн калкынын маанилүү өзгөчөлүгү болуп ишке жарамдуу жаштан кичине, эмгекке жарамдуу жана улгайлан жаштагы курактык топтордун катышы саналат.

2018-жылдын башына калктын жалпы санынан 33,9%ды жаштар жана өспүрүмдөр түзсө, 58,6% - эмгекке жарамдуу жарандар жана 7,5% - улгайган адамдар түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий