• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

18-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.01.18. /Кабар/. 17-19-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), 42-44 чакырымындагы Ийри –Суу участкасыны жана Каракол-Энилчек автоунаа жолунун 70-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эртең, 18-январда түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -3...+2 градус,

Талас облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 0…-5 градус,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 1...6 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүзү 1…6,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10°, күндүз -1…+1° суук болот.

Пикир

Оставить комментарий