• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Улан-Батордо Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги дипломатиялык кабыл алуу өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн жана Монголиядагы элчилигинин ачылышынын урматына дипломатиялык кабыл алуу өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, кабыл алууда Монголиянын дипломатиялык корпусунун, мамлекеттик органдарынын, ишкердик жана коомдук чөйрөлөрүнүн 300гө жакын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын жарандары катышты.

Иш-чаранын ардактуу коноктору катары Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар жана Монголиянын президентинин диний жана маданий маселелер боюнча кеңешчиси Д.Бум-Очир болушту.

Монгол тарап өздөрүнүн сөздөрүндө эки элдин жалпы тарыхын, маданиятын жана мамилелерин өзгөчө белгилеп, Кыргызстандагы Монголиядагы элчилигинин ачылышы менен мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө салымын кошорун баса белгилешти.

Элчи Айбек Артыкбаев өзүнүн сөзүндө Кыргызстандагы социалдык-экономикалык чөйрөдөгү жетишкендиктерге, атап айтканда, жүргүзүлүп жаткан, анын ичинде мамлекеттик башкаруудагы, натыйжалуу реформалары аркылуу, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча ийгиликтерге кеңири токтолду.

Андан сырткары, Айбек Артыкбаев кылымдардан берки достукка жана ынтымакка негизделген кыргыз-монгол мамилелеринин прогрессивдүү өнүгүүсүн баса белгилеп, эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээли жана жетишкендиктери Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын июлунда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган Достук мамилелерди жана кызматташтыкты тереңдетүү боюнча биргелешкен декларациясында камтылгандыгын айтты.

Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын кыргыз аспаптар оркестринин аткаруусунда коштолду.

Пикир

Оставить комментарий