• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында 7 млн ашык көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында отчеттук мезгилде Кыргызстан боюнча 7 млн ашык көчөт отургузулду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө дүйнөлүк коомчулуктун глобалдык артыкчылыктарынын арасында экология жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери биринчи орунга чыгууда.

"Министрлик бул багытта курчап турган айлана чөйрөнү жана жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп келет", - деп, КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги №182-т тескемеси менен Баткен облусунун аймагында “Мадыген” мамлекеттик жаратылыш эстелиги түзүлгөндүгү кошумчалады.


Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 2022-жыл — Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында 12-мартта “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн баштаган. Ага ылайык, жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий