• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Күнү-түнү иштегендер сыйлык алууга татыктуу”. Прокурор президенттин сыйлыгына комментарий берди

Коом 0

Бишкек. 01.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу бир катар жарандарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.

Ош облустук прокурору Максат Асаналиев КРнын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүүсүнө салым кошкон, кесиптик ишмердүулүгүндөгү жетишкендиктери үчун, андан тышкары КР Көз карандысыздык күнүнө карата “Даңк” медалы менен сыйланды.

“Бул адамдардын эмгегинин жыйынтыгы деп ойлойм. Алар буга татыктуу. Адамдар күнү-түнү иштешет, бул алардын ишинин натыйжасы”, - деди Асаналиев “Кабар” агенттигине.

Прокурор жарандардын эмгегин сыйлап, сыйлыктарды тапшырууну адатка айлантып алыш керек, анткени бул аларды андан ары шыктанып иштөөсүнө түрткү берерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий