• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Элебаев көчөсү оңдоо иштеринен кийин ачылды  

Коом 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Бишкектин Элебаев көчөсү оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Элебаев көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында реконструкцияланды.

Белгиленгендей, жолдун узундугу 350 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт. Жолдун эки тарабына туурасы 1,5 метрден 2 метрге чейин тротуарлар төшөлүп, ирригация курулду.

Пикир

Оставить комментарий