• 88.68
  • 95
  • 0.95

11 маршруттук каттам Бишкек мэриясынын карамагына өттү

Коом 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Бишкекте 11 маршруттук каттам мэриянын карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жол-траснпорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти №102, 129, 133, 139, 143, 150, 161, 176, 179, 200, 212 маршруттук каттамдарды тейлеген «БАТП ЛИГА» ЖЧКсы менен келишимди бузду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган фирманын жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердигин жүргүзүү укугун тастыктаган лицензиясы болгон эмес.

Мэриядан белгилешкендей, департаменттин директору ташуучу-фирманын жетекчисинен лицензияны эмне себептен узартпай койгондугун сурап, бирок так жооп ала алган эмес.

"Транспорт департаменти сынакка чейин аталган маршруттук линияларды “Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” муниципалдык ишканасына убактылуу бекитип берди - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий