• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шаар тургундары бет кап кийип жүрүшү керекпи? - Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Шаарды туман жана кара түтүн каптаганда гана курамы пахтадан болгон кездемеден тигилген бет капты тагынуу керек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүш бирикмесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Анара Шахматова билдирди.

Анын айтымында, бет капты күн сайын тагынуунун кажети жок. Ошондой эле респиратордук эмес, курамы пахтадан болгон бет каптарды тагынуу керек.

Шахматова кошумчалагандай, унаанын кыймылдаткычынан орточо алганда 1000 химиялык заттар бөлүнүп чыгат. Ал өз учурунда адамдын ден соолугуна зыян келтирет.

"Зыян заттардын катарына көмүртек, бензопирен, жеңил органикалык кошулмалар, көө жана оор металлдар кирет. Аны менен бирге синтетикалык материалдарды өрттөөдөгү чыккан заттар адамдын ден соолугуна олуттуу зыян алып келет. Эгер шамал болбой турса бардык зыян кошулмалар бир жерде чогулуп калат. Ал адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизет", - дейт Шахматова.

Пикир

Оставить комментарий