• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

25нен 31-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 31-августка чейин күтүлө турган аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 25-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Бакен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

26-28-августтарда тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-26-августтарда Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-август күндөрү өлкө аймагында түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Лейлек, Талас, Базар-Коргон, Аксы райондорунун токойлорунда өрттүн жогору коркунучу бар, калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу аз.

Пикир

Оставить комментарий