• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жол оңдоо иштерине байланыштуу Үмөталиев көчөсү жабылат

Коом 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына караганда, оңдоо иштерине байланыштуу 26-августтан тарта Үмөталиев көчөсүнүн кезектеги бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жол иштери Киев жана Москва көчөлөрүнүн ортосунда 30-октябрга чейин жүргүзүлөт.

Жол кыймылы үчүн альтернативдүү жолдор Турусбеков жана Калык Акиев көчөлөрү болот.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий