• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 27.02.18. /Кабар/. 27-февралдан 3-мартка чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137- чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370- чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94- чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри–Суу участкасынын 42-44- чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150- чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92- чакырымдарында, кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону белгилейт:
- ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл буруу;

- тоолуу унаа жолдорунда унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;

- кышкы дөңгөлөктөр;

- күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз “112” кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий