• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда финансылык тартип бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 05.09.23. /Кабар/. Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 2022-жылы 147 млн 793,3 миң сом каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирди. Анын ичинен 50 млн 361,3 миң сом ордуна коюлууга тийиш болсо, ордуна коюлганы 31 млн 337,7 миң сомду түздү.

Ошондой эле:

Акча каржаттарынан жана товардык материалдык баалуулуктардан жетишпестиктер 422,2 миң сомду түздү, анын ичинен:

  • акча каржаттарынын жетишпестиги 6,6 миң сом, ордуна коюлган;
  • товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиги 415,6 миң сомду түзөт, аудиттин жыйынтыгында 371,5 миң сом ордуна коюлду, 44,1 миң сом ордуна коюлган эмес.

Каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 144 млн 992,9 миң сомду түзөт. Анын ичиенен 47 560,9 миң сом ордуна коюлууга тийиш болсо, ордуна коюлганы 29 728,1 миң сомду түзөт. Анын ичинен:

  • эмгек акыларга негизсиз төлөөлөр 96 млн 620,3 миң сом;
  • 143,6 миң сомдук материалдык баалуулуктарды, акча каражаттарды негизсиз чыгымдоолорго жол берилгендиктери аныкталды жана 143,6 миң сом толугу менен ордуна коюлду;
  • 1003,8 миң сомдук сапар чыгымдарынан негизсиз чыгымдоолорго жол берилгендиги аныкталды;
  • Курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн көтөрмөлөө 4 939,2 миң сомду түздү;
  • 13 481,4 миң сомдук Бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууларга жол берилгендиктери аныкталды: анын ичинен 4,5 миң сому ордуна коюлуп, 13476,9 миң сом ордуна коюлган эмес;
  • 28 804,6 миң сомдук жашырылган дебитордук жана көтөрмөлөнгөн кредитордук карыздарга жол берилгендиктери аныкталды. Анын ичинен: 28 804,6 миң сом ордунга коюлууга тийиш, 28 231,4 миң сом ордуна коюлган жана 573,2 миң сом ордуна коюлган эмес;
  • Бюджеттин кошумча эсептелинген кирешелери 2 378,2 миң сомду түздү, анын ичинен: 1 231,5 миң сому ордуна коюлган жана 1 146,7 миң сому ордуна коюлган эмес.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары:

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 4 957 748,6 миң сомду түздү, анын ичинен 282 981,8 миң сом ордуна коюлууга тийиш, 42 250,2 миң сому ордуна коюлган жана 240 371,6 миң сом ордуна коюлган эмес. Анын ичинен:

  • Товардык материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдары 41 586,0 миң сом, анын ичинен 71,3 миң сом ордуна коюлууга тийиш, 4,7 миң сом ордуна коюлду;
  • Бюджеттик мекемелерди ашыкча каржылоолор 219,9 миң сомду түздү, толугу менен бюджетке которулган эмес;
  • 21 106,3 миң сомдук эмгек акыны төлөө тартибин бузууларга жол берилгендиктери аныкталды;
  • Башка бюджеттик резервдер жана жоготуулар 4 894 836,4 миң сомду түздү, анын ичинен 282 690,6 миң сому ордуна коюлууга тийиш болсо, 42 245,5 миң сом ордуна коюлуп, 240 445,1 миң сом ордуна коюлууга тийиш.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар:

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 85 589,8 миӊ сомду түзгөн, анын ичинен: 57 536,9 миң сом ордуна коюлууга тийиш болсо, ордуна коюлган эмес.

Пландаштырылган максаттарга жетпестен белгилүү бир иш-чараларга керектелген каражаттар 33 463,6 миӊ сомду түзгөн, алардын ичинен кайтарылууга тийиш болгон 6 625,3 миӊ сом, кайтарылган эмес.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген “Бюджеттик мекемелерди финансылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражатта калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Нускамага ылайык:

  • Товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастары 43 653,3 миӊ сомду түздү.
  • 7 252,2 миң сомдук эсепке алынууга тийиштүү дебитордук карыздардын кредитордук карыздардан ашыгы аныкталды.
  • Жылдын акырына карата бюджеттик мекемелердин банктагы эсептериндеги бюджеттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыктары 6,1 миң сомду түзөт, ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган эмес.
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузууга жол берилип, 1 214,6 миң сомдук бузуулар аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий