• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министри БУУнун сессиясында гендердик теңчиликти каржылык колдоо боюнча сөз сүйлөдү

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясынын алкагында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр "Гендердик теңчиликке жетишүү жана бардык аялдардын, кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн институттарды бекемдөө, финансылык каражаттарды максималдуу натыйжалуу пайдалануу жаатындагы алдыңкы тажрыйба" темасында баяндама жасаган.

Ал өз сөзүндө аялдарга инвестиция салуу жалпы коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

“Аялдарга билим берүү, саламаттыкты сактоо жана экономика жаатында бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү- институттарды бекемдөөгө жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жардам берет”, - деди Гүлнара Баатырова.

Пикир

Оставить комментарий