• 88.68
  • 95
  • 0.95

Курьердик кызматты пайдаланышат. ИИМ телефон шылуундарынан сак болууга чакырды

Коом 0


Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, телефон шылуундарынан сак болууга чакырды.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы кездери телефондук алдамчылык фактылары боюнча билдирүүлөр көп түшүүдө. ИИМдин тийиштүү кызматтары ал кайрылууларды каттоого алып, алдамчылык аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган кеңири ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Милициядан телефон шылуундарынын иш-аракеттеринин схемасы жөнөкөй экендигин эскертишти.

Жарандардын телефон номерлерине шылуундар байланышка чыгып, туугандары же болбосо күч органдарынын, саламаттыкты сактоо, куткаруучу кызматтардын кызматкерлери болоорун айтып, кырсыкка учураганын (жол кырсыктары) тууралуу кабарлап, курьерлер аркылуу акча жөнөтүүнү талап кылышкан. Жабыр тарткан жарандардын арасында, чалгандардын көрсөтмөсү боюнча, шылуундар жиберген курьердик кызматтар аркылуу акча каражаттарын жөнөткөндөр дагы бар.

Өз кезегинде милиция жарандардан мындай мүнөздөгү чалуулар келип түшкөн учурда сак болууну, кабарды өзүңүз так текшерип, жакындарыңыз менен байланышып тактоону сунуштайт.

ИИМ жарандарды чалган шылуундардын талаптарын аткарууга шашпоого жана күнү-түнү 102 кыска номери жана милициянын нөөмөт бөлүмдөрүнө токтоосуз кабарлоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий