• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад мэри эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларды куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 05.09.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын кабыл алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жеңиш менен кайткан спортчулардын арасында Беларусь мамлекетинде өткөн КМШ оюндарында күмүш медаль тагынган боксчулар Мухаммедазиз Закиров жана Зафар Камилов, Екатеринбургда өткөн студенттер арасындагы дүйнө биринчилигинде бокс боюнча алтын медаль уткан Нурадин Рустамбек уулу, Уфа шаарында бел боо күрөшүү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган Мадина Кожоярова, ошол эле мелдеште күмүш медалга татыган Өмүрбек Гапаров, Чолпон-Атада өткөн самбо боюнча дүйнө кубогунда коло медаль уткан Бекболсун Керимбеков жана Курманбек Замирбек уулу бар.

Аталган спорчуларды калаа мэри Эрнисбек Ормоков куттуктап, белектерди тапшырды. Ошондой эле өлкөбүздүн желегин желбиреткен спортчуларды жергиликтүү бийлик ар тараптуу колдоосун мындан ары да улантарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында спорт тармагына алгылыктуу көңүл буруулар бар. Алсак, ушул тапта калаадагы №1 кесиптик лицейдин имараттары спорт интернатына даярдалып жатат. Мында спортчуларды спорттун олимпиадалык түлөрүнө даярдоого бүт шарттар каралат.

Пикир

Оставить комментарий