• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте түнкү жарыктандыруу жакшырат

Коом 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. Бишкекте шаар көчөлөрүндө, кичи райондордо тышкы жарыктандырууну жакшыртуу иштери уланууда.

“Бишкек жарыктандыруу” МИ маалыматы боюнча учурда жарык шамдарын светодиоддук шамдарга жана электр чубалгыларын өзүн көтөргүч изоляцияланган чубалгыларга алмаштыруу жүрүүдө.

“Бишкек жарыктандыруунун” кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 4 миңге жакын шамдарды орнотууну пландап, 174 көчөнүн 22 көчөсүндө аяктады. Экинчи жарым жылдыкта 3 миң шам орнотуу пландалууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу түйүндөрүн куруу жана орнотуу иштери Садырбаев көчөсүндө Масалиевден Семетей көчөлөрүнө чейин аяктады.

Бүгүнкү күндө төмөнкү көчөлөрдө светодиоддук шамдарды орнотуу аяктады: Дубосековская, Адырская, Набережная, Дзержинский, Сарычелекская, Койбагаров, Бакаев (мурдагы Чапаев), Некрасов, Т. Фрунзе, Псковская/Поваринская, «Ак-Өргө» конушундагы жол, Жайыл Баатыр, Чортеков, Рязанская, Славянская, Куликовская, Будённый, Салиева жана Айтиев. Ишкана тарабынан №6 жана 7 кичи райондордо, Рабочая аймагында светодиоддук шамдарды орнотуу иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий