• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Республиканын аймагындагы көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлдү - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. 24-апрелге карата республиканын аймагындагы көпчүлүк дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Жыргалаң, Чоң-Кызыл-Суу, Каракол, Чоң-Ак-Суу, Жети-Өгүз, Чоң-Кемин, Кегети, Аламүдүн, Беш-Таш, Күркүрөө-Суу, Нарын, Узун-Акмат, Чычкан, Падыша-Ата, Көгарт, Майлуу-Суу, Куршаб, Тар, Яссы, Кара-Кулжа, Каракол (Косчан), Исфайрам-Сай дарыялары, Нарын (Нарын ш.) дарыясында сууну деңгээли 21 см көтөрүлдү. Ал эми калган дарыяларда суунун деңгээли төмөндөдү, кээ биринде өзгөрүлгөн жок.

Республиканын аймагындагы көпчүлүк дарыяларда суунун агымы көп жылдык байкоолордун чегинде байкалды. Жогорку ченемдеги агым Чоң-Кызыл-Суу, Каракол, Жети-Өгүз, Ала-Арча, Сокулук, Талас (Үч-Кошой),Беш Таш, Күркүрөө-Суу, Нарын (баш жагы) жана Афлатун дарыяларында (124-195%да) байкалды. Төмөнкү ченеминдеги агым Кегети, Күмүш-Тоо, Көгарт, Ак-Буура, Каракол (Косчан), Исфайрам-Сай жана Кара-Дарыя бассейининдеги Андижан суу сактагычына куйган дарыяларда (38-75%да) байкалды.

Республиканын аймагындагы байкоо жүргүзүлгөн суу сактагычтарга суунун кирүүсү нормага салыштырмалуу: Орто-Токой - 75%, Киров -20%, Токтогул - 102% ченемди түздү.

Пикир

Оставить комментарий