• 88.68
  • 95
  • 0.95

БШКнын мобилдик тобу РФнын Урал федералдык округундагы кыргызстандыктар менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 12-сентябрында Екатеринбург шаарына БШКнын төрайымынын орун басары Акылбек Эшимов баштаган Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын, Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн курамындагы мобилдик топ келди.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мобилдик топ Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугунда болуп, башкы консул Руслан Бийбосунов менен жолугушуп, аталган мекемеде түзүлгөн № 9009 шайлоо тилкесинин иши жана даярдыгы менен таанышты.

Мобилдик топ шайлоо тилкесинин мүчөлөрүнө Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүүгө керектелчү жабдыктарды, плакаттарды, маалымат китепчелерди жана ченемдик актылардан турган документтерди, ошондой эле шайлоо күнү колдонуу үчүн өздүк коргонуу каражаттарын тапшырды.

Андан тышкары, мобилдик топ жана башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууга диаспора уюмдарынын лидерлери жана активисттери, студенттер катышты.

Башкы консул Р. Бийбосунов жолугушууну ачуу ирээтинде мекендештерге парламенттик шайлоого даярдануунун жүрүшү тууралуу, шайлоо тилкесинин ишмердүүлүгү, Кыргызстандын жарандарын биометрикалык жана консулдук каттоого тургузуу боюнча маалымат берди.

Андан соң Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Акылбек Эшимов жана мобилдик топтун мүчөлөрү Россиянын аймактарында жүрүп жаткан иш сапарларынын алкагында мерчемделген жолугушуулардын максаты жөнүндө, Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө парламенттик шайлоого карата даярдыктар тууралуу айтып беришип, мекендештерди 4-октябрда боло турган шайлоого активдүү катышууга чакырып, аларды кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Мобилдик топ Урал федералдык округунун шаарларында (Екатеринбург, Челябинск, Курган, Тюмень и Сургут) болушарын маалымдады.

Жолугушуу учурунда шайлоочулардын тизмесине киргизүү максатында, Кыргызстандын жарандарын консулдук жана биометрикалык каттоого тургузуу үчүн документтерди кабыл алуу жүргүзүлдү.

Ушундай эле жолугушууларды мобилдик топ башкы консулдуктун кызматкери менен биргеликте 13-14-сентябрь күндөрү Челябинск жана Курган шаарларында болуп өттү.

Кийинки жолугушуулар Урал федералдык округунун Тюмень жана Сургут шаарларында мерчемделген.

Пикир

Оставить комментарий