• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага берген 50 миң сом "сүйүнчү": Маселе БШКнын жумушчу тобунда каралууда

Коом 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. БШКнын жумушчу тобу төрага Дастан Жумабеков парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкер болуп туруп анын ысымы берилген ымыркайдын энесине 50 миң сом "сүйүнчү" беришинин айланасындагы маселени карап жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, маселе каралгандан кийин жумушчу топ БШКга өз сунуштарын берет.

Эскерте кетсек, төрага Дастан Жумабеков Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында анын ысымы берилген ымыркайдын энесине 50 миң сом "сүйүнчү" берген. Бул маселе социалдык тармактарда талкууланып, айрымдар ал нерсени добуш сатып алуу деп баалаган. Дастан Жумабеков "Кыргызстан" партиясынын талапкери болот.

Пикир

Оставить комментарий