• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Башкы штабдын өкүлдөрү Индиядагы «Defense Expo - 2020» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда

Коом 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлдөрү «Defense Expo – 2020» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 5-февралдан 8-февралга чейин Индия Республикасынын Лакхнау шаарында өтүүдө.

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин жетекчилигинде өткөн көргөзмөнүн ачылыш аземине КР Башкы штабынын башчысы генерал-майор Раимберди Дүйшөнбиев баштаган делегация, ошондой эле 50дөн ашык өлкөлөрдүн коргонуу ведомстволорунун делегациялары, 700дөн ашуун дүйнөлүк жана индиялык коргоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Аталаган көргөзмөнүн алкагында Индиянын коргоо министри Раджнатх Сингхт менен КР КК БШ башчысынын эки тараптуу жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу аскердик кызматташуунун маанилүү маселелери, тактап айтканда, орто мөөнөттүү стратегияны комплекстүү пландоонун практикалык механизми катары биргелешкен эксперттик жумушчу топту түзүү, аскердик-техникалык кызматташтык тармагы боюнча долбоорлор жана башка эки тарапты кызыктырган суроолор каралды.

Жолугушууга Кыргызстандын Индиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаев да катышты.

Пикир

Оставить комментарий