• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тунгуч кичирайонунда турак үйлөрдүн мыйзамсыз ээленген жертөлөлөрү бошотулууда

Коом 0

Бишкек, 25.08.23./Кабар/. Бишкек шаарынын Тунгуч кичирайонунда муниципалдык жайды үчүнчү жактар мыйзамсыз пайдаланып жатканы аныкталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, факт инвентаризациялоонун жүрүшүндө аныкталган. Белгиленгендей, Тунгуч кичирайонундагы 17/2 үйдүн аянты 800 чарчы метр жертөлөсүндө тигүү цехин, 36/2 үйдүн аянты 525 чарчы метр жертөлөсүндө машыгуу залын мыйзамсыз иштетип келишкен.

Учурда тигүү цехинин жана машыгуучу залынын өкүлдөрү бир нече күндүн ичинде муниципалдык менчикти бошотуп берүүгө милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий